Төрт аталыштагы сабактын бирин тандап, жумушчу дептер үчүн бир тапшырма ойлоп табуу керек. Андан соң анкетаны толтуруп, сынактын жеңүүчүлөрүн жарыялаган күндү күтүү керек! Жеңүүчүлɵр басмадан жекече белектерди, ошондой эле жалпы класс үчүн пайдалуу сыйлыктарга ээ болот!
Сынактын сабактары:
1) окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептердеги орус тили;
2) окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептердеги орус тили;
3) мекен таануу;
4) англис тили.
Сынактын шарттары:
- 3–7-класстардын окуучусу болуу;
- окууда биздин басманын жумушчу дептерлерин пайдалануу;
- аталган сабактардын бирин тандап алуу (бир катышуучу бир гана аталышта катыша алат);
- окуп жаткан сабактын темаларынын бирине дал келе турган бир тапшырма ойлоп табуу;
- анкетаны «Google Forms» аркылуу толтуруп, ага ойлоп тапкан тапшырманын файлын тиркөө же анкетаны жүктөп алып, толтуруп, жумуш менен бирге «Конкурс» деп белгилеп, Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра. электрондук дарегине жөнөтүү.
Ойлоп тапкан тапшырманын көркөм жасалгаланышы кубануу менен кабыл алынат!
Сиздердин анкеталарыңыздар 2021-жылдын 10-майына чейин кабыл алынат. Жеңүүчүлөр 2021-жылдын 31-майында жарыяланат. Тапшырмалар орус же кыргыз тилинде кабыл алынат.
Ар бир аталыш боюнча үч байгелүү орун жана баалуу белектер:
1-орун – жалпы класс жумушчу дептерлердин топтому менен сыйланат (предметин жеңүүчү ɵзү тандаса болот);
2–3-орундар – келерки окуу жылына карата жеңүүчүлөргө окуу китептери жана жумушчу дептерлери тартууланат.
Мындан тышкары сиздер түзгөн тапшырмалардын эң кызыктууларын биздин сайтыбызда жана басманын аккаунттарында гана жарыялабастан, сиздерди автор катары белгилеп, тапшырмаларды атайын чыгарыла турган жыйнакка киргизебиз!
Баарыңыздарга ийгилик каалайбыз!