Методикалык колдонмолор окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептердин англис тили мугалимдери үчүн даярдалды.
Колдонмолор «Англис тили. 8-класс» (авторлору Чынара Абдышева, Ольга Балута) жана «Англис тили. 10-класс» (авторлору Анна Фатнева, Наталья Цуканова) окуу-методикалык комплекстери менен иштөө үчүн берилген сунуштардан турат. Анда окуу китептеринин тапшырмаларынын жана жумушчу дептерлердин көнүгүүлөрүнүн, ар бир чейректин жыйынтыгы боюнча текшерүү иштердин жооптору дагы камтылды.
Азыркы учурда методикалык колдонмолордун электрондук варианты даярдалып, «Аркус» басмасынын сайтында жайгаштырылды: http://www.arcus.kg/ru/. Жакында бул колдонмолор басылып чыгарылат.