«Менин Эверестим» — дүйнөнүн эң бийик чокусу болгон Эверестке биринчи чыккан кыргыз жараны Эдуард Кубатовдун күндөлүк китеби (@eduard_kubatov).
Бул китеп — кыргыз адабиятында альпинисттин чыныгы турмушун чагылдырган биринчи күндөлүк роман. Бул философиялык роман, укмуштуу окуяларга бай роман, интригалуу роман, кыялдарга бай роман — чыныгы альпинисттин турмушу кандай болсо, дал ошондой сүрөттөгөн роман, турмуштун татаалдыгына жана катаалдыгына карабастан, чыныгы жашоого шыктандырган роман!
«Аркус» басма үйү — максатка жетүү жана кыялды ишке ашыруу үчүн эч убакта эч кимди кайдыгер калтырбайт, бул китепти басмага даярдоого жана басып чыгарууга катышып жана кызмат көрсөтүп жатканына абдан кубанычта.