Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептердин 3-класстарына арналган окуу-методикалык комплекстин авторлору Булатова Виктория Александровна менен Мусаева Чынара Мусаевна «Тил достугу» Эл аралык конкурсуна катышып келишти. Бул орус тилин, маданиятын, тарыхын изилдөөгө жана Борбордук Азия өлкөлөрү менен Россиянын ортосундагы достукту жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө салым кошкон чыгармачылык иштердин жана тажрыйбалардын сынагы болуп калды.
Сынак 2025-жылдын 1-февралынан 20-апрелине чейин «Тил достугу» долбоорунун алкагында «ПСП-Фонд» билим берүү жана социалдык долбоорлорду колдоо жана өнүктүрүү кайрымдуулук фонду тарабынан (Санкт-Петербург) өткөрүлдү. «Орус тилин окутуунун усулдарын Борбордук Азия өлкөлөрүнүнүн жаштар арасында жайылтуу жана маданияттар аралык достук кызматташтык» долбоору Россия Федерациясынын Президентинин жарандык коомду өнүктүрүүгө багытталган Гранттык фондунун эсебинен ишке ашырылууда.
«Орус тилин экинчи тил катары ийгиликтүү өздөштүрүүнүн милдеттери» аталышындагы «Мугалимдер жана адистер үчүн» номинациясы боюнча Кыргыз Республикасынын авторлорунун усулдук иштелмелери мыкты тажрыйба деп таанылды. Сынактын жыйынтыгында авторлор «Балдарга орус тилин чет тили катары окутуу жана жаштар арасында Россия менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы достуктун жана кызматташтыктын тарыхый эстутумун сактоо, чакырыктар, натыйжалуу тажрыйбалар, келечек» аттуу темада 2025-жылдын 15–16-майында Санкт-Петербург шаарында болуп өткөн тегерек столго өз тажрыйбаларын көрсөтүү үчүн чакырылды. Авторлордун усулдук иштелмелери алдыңкы тажрыйбаны жыйынтыктоочу жыйнагында басылып чыгат.
В. А. Булатова менен Ч. М. Мусаеванын «Аркус» басма үйү тарабынан басылып чыккан усулдук иштелмелери 3-класстар үчүн «Русский язык и чтение» окуу китебинин жумушчу дептерлеринде берилген тапшырмалардын негизинде түзүлгөн. Анда орус тили экинчи тил катары үйрөнгөн окуучуларга ылайыкташтырылган визуалдык, оюн жана коммуникативдик тапшырмалар берилген.
Эл аралык сынак Кыргызстандын усулдук тажрыйбасынын маанилүүлүгүн жана анын орус тилин окутуунун натыйжалуу методдорун өнүктүрүүгө кошкон салымын ырастады.



