Урматтуу англис тили мугалимдери!
11-класстар үчүн англис тилинен жаңы окуу китеп басып чыгарылды. Авторлору — Н.Э.Цуканова жана А.Г.Фатнева.
Жаңы окуу-методикалык комплекс (ОМК) — окуу китеби жана мугалимдер үчүн методикалык колдонмосу, бардык зарыл мамлекеттик экспертизалардан өтүп, мектептик билим берүүнүн түзүмүн трансформациялоо боюнча өткөөл мезгилде 11-класста 11 жылдык билим берүү программасын ишке ашырууда пайдаланууга сунушталат. Мындан тышкары, окуу китебиндеги материалдар 12-класс үчүн англис тили курсуна дагы туура келет, бул 12 жылдык мектепке арналган англис тили боюнча жаңы предметтик стандарттардын анализи аркылуу тастыкталды. Келечекте бул окуу китеби бир аз өзгөртүүлөр менен 12-класс үчүн да окуу китеби катары чыгарылат.
Жаңы окуу-методикалык комплекс (ОМК) Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин демилгеси менен 2017-жылы башталган англис тили боюнча улуттук окуу китептеринин линиясын жыйынтыктайт. Бул предметтик линия — толук аяктаган жалгыз улуттук окуу китептеринин сабы болуп, билим берүүнүн бардык баскычтарын (башталгыч, негизги, жогорку) камтыйт жана компетенттүүлүккө негизделген стандарттардын негизинде даярдалган. Окуу китептеринин мазмуну Кыргыз Республикасынын маданий, тарыхый жана географиялык өзгөчөлүктөрүн толук чагылдырып, заманбап коммуникативдик тил үйрөнүү методикасы менен айкалышат. Бул методика өз кезегинде Улуу Британияда, АКШда жана Сингапурда чыгарылган бардык эл аралык окуу китептеринин негизин түзөт. Натыйжада, биздин улуттук окуу китептер эл аралык контекстке кирип, тил үйрөтүүдө дүйнөлүк алдыңкы тенденцияларга шайкеш келет.
Англис тили боюнча улуттук окуу китептеринин линиясы — бул ондогон ата мекендик жана чет элдик адистердин: авторлордун, редакторлордун, котормочулардын, корректорлордун, сүрөтчүлөрдүн, дизайнерлердин, эксперттердин жана консультанттардын көп жылдык эмгеги. Өзгөчө ыраазычылыгыбызды бул долбоордун идеялык дем берүүчүсү — «Лингва» инновациялык билим берүү коомдук фондунун директору Гүлнара Жусупбековна Назарбековага билдиребиз.
