+996 559 50 01 66
+996 558 63 01 08
 Жеке бөлмө

Аккаунтка кириңиз

Логин *
Пароль *
Мени эстеп кал

Жаңы аккаунт ачыңыз

Жылдызча (*) менен белгиленген талаалар сөзсүз түрдө талап кылынат.
Атыңыз *
Логин *
Пароль *
Парольду тактаңыз *
Email *
Email тактаңыз *
Captcha *
Урматтуу кесиптештер!
Предметтик мугалимдерге методикалык колдоо көрсөтүү жана айрым предметтерди натыйжалуу окутуу максатында «Мыкты мугалим» Коомдук фонду 2025/26-окуу жылына карата август айында акысыз онлайн-семинарларды өткөрүүнү маалымдайт. Семинарды билим берүү тармагындагы ата мекендик жана чет элдик алдыңкы баяндамачылары алып барат. Семинардын башкы темасы 2025/26-окуу жылында 11 жана 12 жылдык билим берүүнүн параллелдүү долбоору (проекциясы) менен айрым предметтерди окутууну уюштуруу боюнча методикалык сунуштар болуп саналат.
 
26-август, 15:00
Темасы: «2025/26-окуу жылында башталгыч класстарда “Мен жана дүйнө” предметин окутуунун өзгөчөлүктөрү».
Баяндамачы: Солошенко Ольга Владимировна — 1–5-класстар үчүн окуу китептеринин, окуу колдонмолорунун жана «Мен жана дүйнө» боюнча предметтик стандарттын автору (Бишкек ш).
Максаттуу аудитория: окутуу кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлгөн башталгыч класстардын мугалимдери.
Семинар орус тилинде өтөт.
 
27-август, 15:00
Темасы: «2025/26-окуу жылында орус тилин экинчи тил катары окутуу боюнча Н. П. Задорожная жетектеген авторлор жамаатынын “Аркус” басма үйү тарабынан иштелип чыккан орус тили окуу китептерин колдонуунун мүмкүнчүлүктөрү».
Баяндамачы: Наталья Павловна Задорожная — «Аркус» басма үйү тарабынан иштелип чыккан орус тили окуу китептеринин автордук жамаатынын жетекчиси (Москва ш.).
Максаттуу аудитория: окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептердин орус тилчи мугалимдери.
Семинар орус тилинде өтөт.
 
28-август, 15:00
Темасы: «2025/26-окуу жылында 1-класстар үчүн М. В. Бойкинанын авторлугунда даярдалган “Русский язык и чтение. Азбука” ОМКсын колдонуунун мүмкүнчүлүктөрү».
Баяндамачы: Бойкина Марина Викторовна — К.Д.Ушинский атындагы Санкт-Петербург педагогикалык билим берүү академиясынын башталгыч, негизги жана орто билим берүү кафедрасынын ага окутуучусу, окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн орус тили боюнча ОМКнын автору, орус тили жана адабияты боюнча россиялык окуу китептерднин автору (Санкт-Петербург ш.).
Максаттуу аудитория: окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн башталгыч класстардын мугалимдери.
Семинар орус тилинде өтөт.
 
29-август, 15:00
Темасы: «2025/26-окуу жылында башталгыч мектептер үчүн М.И.Моронун жетекчилиги астында даярдалган авторлор тобунун математика боюнча ОМКсын колдонуунун өзгөчөлүктөрү».
Баяндамачы: Рогатова Марина Викторовна — «Просвещение» басма үйүнүн башталгыч класстар боюнча долбоорунун жетекчиси, окуу китептеринин жана санариптик окуу материалдарынын, методикалык колдонмолордун автору, башталгыч класстар үчүн математика окуу китептерине авторлош (Москва ш.).
Максаттуу аудитория: окутуу кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлгөн башталгыч класстардын мугалимдери.
Семинар орус тилинде өтөт.
 
30-август, 11:00
Темасы: «12 жылдык билим берүүгө өтүү мезгилинде кыргыз тили экинчи тил катары окутуу боюнча ОМКны колдонуунун айрым класстардагы өзгөчөлүктөрү».
Баяндамачы: Оморова Айгүл Абдыкапаровна — кыргыз тилин экинчи тил катары окутуу боюнча кыргыз тили окуу китептеринин жана колдонмолорунун автору (Бишкек ш.).
Максаттуу аудитория: окутуу орус, өзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептердин кыргыз тилчи мугалимдери.
Семинар кыргыз тилинде өтөт.