+996 558 63 01 08
+996 770 33 01 08
+996 558 63 01 08 | +996 770 33 01 08
 Жеке бөлмө

Аккаунтка кириңиз

Логин *
Пароль *
Мени эстеп кал

Жаңы аккаунт ачыңыз

Жылдызча (*) менен белгиленген талаалар сөзсүз түрдө талап кылынат.
Атыңыз *
Логин *
Пароль *
Парольду тактаңыз *
Email *
Email тактаңыз *
Captcha *

«Аркус» бамасы жалпы билим берүү мекемелеринин  3–6-классынын окуучулар арасында «Мен эмне үчүн англис тили боюнча жумушчу дептерлерин колдонгонду жакшы көрөм» аталышындагы мыкты постерге сынак жарыялайт.


Сынактын шарттары:

•  жалпы класстан бир иш кабыл алынат (мыкты постерди тандоо үчүн окуучулар арасында алдын ала тандоо жүргүзүлүшү мүмкүн);
• постер жалпы класс менен бирдикте аткарылыш керек;
• сүрөт тартуу ыкмасы ар кандай болушу мүмкүн: кол менен тартуу, компьютер, графика, аппликация д. у. с.;
• постердин форматы — jpg жакшы сапатта болуш керек.

Аткарылган иштер электрондук почта аркылуу электрондук түрдө кабыл алынат: Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра..

Катта төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек:
• классы;
• мектептин  аталышы, дареги жана номери;
• постер түзгөн окуучунун аты-жөнү (ФИО);
• англис тили мугалиминин аты-жөнү жана байланыш телефону.


Жеңүүчүлөр 2020/2021 окуу жылында  баалуу сыйлыктар менен сыйланат:
• 1-орун: класс боюнча окуу китебинин жана жумушчу дептерлеринин комплекти;
• 2-орун: дүйнө таанымын өнүктүрүүчү оюндар жана класс боюнча жумушчу дептердин комплекти;
• 3-орун: класс боюнча жумушчу дептерлеринин комплекти. 
Жалпы постер-жеңүүчүлөрдүн жана окуучулардын кызыктуу иштеринин бардыгы басманын атайын сайтында, Facebook жана Instagram баракчаларында жарыяланып турат.
Аткарылган иштер 2020-жылдын 26-апрелине чейин кабыл алынат.
Жыйынтыгы 2020-жылдын 18-майында чыгарылат жана жарыяланат.