+996 558 63 01 08
+996 770 33 01 08
+996 558 63 01 08 | +996 770 33 01 08
 Жеке бөлмө

Аккаунтка кириңиз

Логин *
Пароль *
Мени эстеп кал

Жаңы аккаунт ачыңыз

Жылдызча (*) менен белгиленген талаалар сөзсүз түрдө талап кылынат.
Атыңыз *
Логин *
Пароль *
Парольду тактаңыз *
Email *
Email тактаңыз *
Captcha *

Кымбаттуу достор! 24-мартта жарыяланган «Мен эмне үчүн англис тили боюнча жумушчу дептерлерди колдонгонду жакшы көрөм» аталышындагы сынактын жыйынтыгын кубануу менен жарыялайбыз. Калыстар тобу төмөнкү класстарды жеңүүчүлөр деп атады:

  • 1-орун — Акылай Сапарбекова, Нарын областынын Ак-Талаа районундагы М. Базаркулов атындагы мектептин 5-«А» классынын окуучусу (мугалими — Турдукулова Гүлзат Замирбековна);
  • 2-орун — Актан Жаныбеков Талас областынын Бакай-Ата районундагы Б. Сатыбеков атындагы мектептин 3-«Б» классынын окуучусу (мугалими — Абдымиталипова Назгүл Абдымиталиповна);
  • 3-орун — Айфер Рахимова, Бишкек шаарындагы № 33 мектеп-гимназиясынын 6-«А» классынын окуучусу (мугалими — Шарафутдинова Альмира Ренатовна).

Куттуктайбыз!!! 
Постеры, занявшие 1, 2 и 3-е места:

1-е место
2-е место   3-е место

Катышуучуларга басмакана баалуу жана пайдалуу байгелерди тапшырат:

  • 1-орунга –2020/2021-окуу жылы үчүн жалпы класска окуу китептердин жана жумушчу дептерлердин комплекти;
  • 2-орунга — 2020/2021-окуу жылы үчүн жалпы класска дүйнө таанымын өнүктүрүүчү оюндар жана класс боюнча жумушчу дептерлердин комплекти;
  • 3-орунга — 2020/2021-окуу жылы үчүн жалпы класска жумушчу дептерлердин комплекти.

Жеңүүчүлөрдү даярдаган мугалимдерге  басмакананын алкыш каты ыйгарылат.

Андан сырткары Кыргызстандагы башка мектептерден дагы 28 окуучуну тандап, аларга кийинки окуу жылы үчүн англис тили боюнча жумушчу дептерлер тапшырылат:

  • Бакдөөлөт Садыков (6-класс), Кудайберген Дүйшөнов (3-класс), Нуртилек Эркинбеков (4-класс) — Б. Сатыбеков атындагы орто мектептин окуучулары (Боо-Терек айылы, Бакай-Ата району, Талас областы);
  • Асема Осмонова (5-класс), Марьям Үсөнбаева (6-класс) — С.П. Королёв атындагы № 40 орто мектептин окуучулары (Ош);
  • Ислам Рахимжанов (6-класс) — Совет айылындагы мектептин окуучусу (Ак-Суу району, Ысык-Көл областы);
  • Уулбийке Кадырбекова, Анара Илиясова, Аймана Өмүрбекова (6-класс), Амантур Кадырбеков (4-класс), Бегайым Бысалова жана Айсулуу Нурбекова (5-класс), Уулкелсин Бекназарова (3-класс) — Жумагул уулу Алымкул атындагы орто мектептин окуучулары (Сасы-Булак айылы, Талас  району, Талас областы);
  • Софья Подпальная (6-«Г» класс) жана Дарья Кириллова (6-«Б» класс) — №6 мектеп-гимназиясынын окуучулары (Кара-Балта);
  • Нагима Копоева (5-класс) — Мраморный айылындагы орто мектептин окуучусу (Аламүдүн району, Чүй областы);
  • София Буртовенко (5-класс) — № 17 мектеп-гимназиясынын окуучусу (Бишкек);
  • Амалия Ырыскельдиева (6-класс) — № 62 мектеп-гимназиясынын окуучусу (Бишкек);
  • Айсулуу Абакирова (4-класс) — В.П. Чкалов атындагы мектеп-гимназиясынын окуучусу (Нарын);
  • Азиз Хайдаров (4-класс) жана Азиз Авазов (5-класс) —И.В. Панфилов атындагы мектеп-гимназиясынын окуучулары (Ош);
  • Сезим Өмүргазиева (3-«А» класс), Бакдөөлөт Чыңгызов (3-«Б» класс), Айназик Токтогонова (4-«А» класс), Рахим Дүйшөналиев (4-«Б» класс), Жаркынай Кубанычбекова (5-класс), Каныбек кызы Аймырза — М. Базаркулов атындагы орто мектептин окуучулары (Ак-Талаа району,  Нарын областы);
  • Арууке Сатканбаева (4-класс) —И. Раззаков атындагы № 20 орто мектептин окуучусу (Ош).

Басмакана окуучулар үчүн  ар дайым ушундай кызыктуу жана чыгармачыл сынактарды өткөрүп турууну пландаштырууда. arcus.kg. сайтынан жана соц.тармактардан биздин жаңылыктарды байкап туруңуздар.