+996 558 63 01 08
+996 770 33 01 08
+996 558 63 01 08 | +996 770 33 01 08
 Жеке бөлмө

Аккаунтка кириңиз

Логин *
Пароль *
Мени эстеп кал

Жаңы аккаунт ачыңыз

Жылдызча (*) менен белгиленген талаалар сөзсүз түрдө талап кылынат.
Атыңыз *
Логин *
Пароль *
Парольду тактаңыз *
Email *
Email тактаңыз *
Captcha *

Урматтуу кесиптештер! Жаңы окуу жылына даярдануунун алкагында басмаканага 3-5-класстар үчүн англис тили боюнча жаңы форматтагы иш дептерлерин колдонуу жөнүндө көптөгөн суроолор келип жатат. Жаңы форматтагы иш дептерлерин даярдоо, биринчи кезекте, колдонуунун ыңгайлуулугуна багытталган.

Жаңы басылмалар компакттуу болуп, айрым тапшырмалар алардын компетенциясына негизделген мүнөздү чагылдырган шарттуу белгилер менен коштолот. Айрым тапшырмалар стикерлер менен иштөөгө багытталган. Башаламандыкты азайтуу жана ар кандай форматтагы дептерлерди бир класстын окуучулары тарабынан сатып алынуусун алдын алуу үчүн китеп дүкөндөрүндө жана базарларда А4 форматындагы дептерлердин түгөнүшүнө жараша жаңы басылмалар акырындык менен сатыкка чыгарыла баштайт.

Жаңыланган басылмалардай эле, колдонулуп жаткан басылмалар окуу китептин түзүлүшүнө толук дал келет, өз алдынча иштөө көндүмдөрүн өнүктүрүүгө көмөктөшөт жана аралыктан окутуу шартында эң керектүү жардамчы боло алат.

Иш дептерлерин сиздерге керектүү болгон учурда сатып алууну сунуштайбыз. Анткени, окуу жылынын башталышында бардык эле жаңыланган басылмалар сатыкка чыгарыла бербейт. Жаңыртылган жана учурда колдонулуп жаткан форматтагы англис тили боюнча иш дептерлеринин мазмуну жана баасында өзгөрүү жок.