+996 558 63 01 08
+996 770 33 01 08
+996 558 63 01 08 | +996 770 33 01 08
 Жеке бөлмө

Аккаунтка кириңиз

Логин *
Пароль *
Мени эстеп кал

Жаңы аккаунт ачыңыз

Жылдызча (*) менен белгиленген талаалар сөзсүз түрдө талап кылынат.
Атыңыз *
Логин *
Пароль *
Парольду тактаңыз *
Email *
Email тактаңыз *
Captcha *

«Аркус» басмасы China Renmin University Press (Пекин) басмасы менен биргеликте кытай авторлорунун китептеринин сериясын басып чыгарды.

Чжу Юнсиндин авторлугунда жазылган «Кытайдагы Жаңы жана Соңку жаңы доордогу педагогикалык акыл-ойдун тарыхы» китеби орус тилинен кыргыз тилине журналист жана котормочу Кубат Чекиров тарабынан которулду.

Азыркы коомдо билим берүү өзгөчө бир оор иш эмес, ар бир адам аны каалаган тармактан алса болот. Заманбап билим берүүнүн өнүгүшү менен Кытайда монархиянын, залим башкаруунун, эски коомдук түзүлүштүн күнү бүтүп, эски билим берүү системасынан баш тартышты. Кытай туруктуу  өнүгүү жолуна түштү. Автор Апийим согушунан тарта Кытай Эл Республикасы негизделген күнгө чейинки педагогикалык акыл-ойдун тарыхын талдоого алат. Чжу Юнсинь заманбап билим берүүнүн эмнеден башталганын, көрүнүктүү ишмерлер жана алардын педагогикалык идеялары, революциялык кыймылдар, тарбия-таалим процесси жана билим берүү программалары жөнүндө баяндайт. Бул китеп эмгек синология, педагогика, тарыхты окуган студенттерге, адистерге жана кытай маданиятына кызыккандарга арналат.

«Идеологиялык өнүгүү» (автор Ли Хоубин) жана «Дипломатия жана эл аралык мамилелер» (авторлор Чен Юй и Пу Пиң) аттуу эки китеп Кытайдагы мамлекеттик башкаруу системасынын ар кыл тармактарын үйрөнүүгө арналган. Англис тилинен кыргыз тилине эки китепти тең публицист жана котормочу, тарых илимдеринин докутору Тынчтыкбек Чоротегин которгон. Бул китептер жалпы чыгыш таануучуларга жана заманбап КЭРдин дипломатиялык тарыхын жана мамлекеттик башкаруу системасын үйрөнүүгө кызыккан жалпы окурмандар чөйрөсүнө арналат.