+996 558 63 01 08
+996 770 33 01 08
+996 558 63 01 08 | +996 770 33 01 08
 Жеке бөлмө

Аккаунтка кириңиз

Логин *
Пароль *
Мени эстеп кал

Жаңы аккаунт ачыңыз

Жылдызча (*) менен белгиленген талаалар сөзсүз түрдө талап кылынат.
Атыңыз *
Логин *
Пароль *
Парольду тактаңыз *
Email *
Email тактаңыз *
Captcha *

«Аркус» компаниясы 16-декабрдан 18-декабрга чейин онлайн режиминде өткөн «Tashkent Book Fest–2020» аттуу Ташкенттеги II эл аралык китеп көргөзмөсүнө катышты.

Басмакана жаңы окуу куралдары менен тааныштырды:

  • М.И.Моронун математика китептери жана жумушчу дептерлери (1–4-класстар);
  • англис тили боюнча окуу китептер (7, 8 жана 10-класстар);
  • англис тили боюнча жумушчу дептерлер (3–8 жана 10-класс);
  • окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн орус тили боюнча жумушчу дептерелер (5–7-класстар);
  • окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн орус тили боюнча окуу китеби (7-класс);
  • окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн кыргыз тили боюнча окуу китеби (7-класс);
  • окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн орус тили боюнча окуу китеби (1-класс);
  • окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн орус тили боюнча жумушчу дептерелер (3–6-класстар);
  • мекен таануу боюнча кыргыз жана орус тилдеринде жумушчу дептерлер (3–4-класстар).

Ар кайсы өлкөлөрдүн китеп индустриясынын өкүлдөрүн бириктирген виртуалдык көргөзмө үчүн, катышуучу-басмаканалар жөнүндө атайын 3D стенддер иштелип чыккан. Ушул стенддердин жардамы менен ар бир адам көргөзмөнү реалдуу убакыт режимде көрө алат (https://i.simmer.io/@BookFest/bookfest).

Tashkent Book Fest (http://tashbookfest.uz/ ) — басмаканалар, авторлор, котормочулар, адабий агенттер жана дүйнөлүк адабиятты сүйгөндөр үчүн уникалдуу аянтча. Көргөзмө дүйнө жүзүндөгү адабий адистерге өз тармагындагы кесиптештери менен жолугушууга, алдыңкы адабий тажрыйбалар жана идеялар менен бөлүшүүгө, жаңы басмаканалык долбоорлорду баштоого мүмкүнчүлүк берет.

Биринчи Ташкенттеги эл аралык китеп көргөзмөсү 2019-жылдын октябрь айында өткөн. Эске салсак, ага жети мамлекеттен 38 басмакана катышкан: Улуу Британия, Германия, Кыргызстан, Казакстан, Корея, Россия, Түркия, ошондой эле Өзбекстандан 30 адабий уюмдун өкүлдөрү катышкан. Анда «Аркус» басмасы адаптациялап, кыргыз, орус жана өзбек тилдеринде басып чыгарган М.И. Моронун 1-2-класстарга арналган «Математика» окуу китептеринин топтому «Мыкты окуу китеби» сынагынын лауреаты болуп, долбоордун өзү Кыргызстанда биринчи жолу ишке ашырылган кызыктуу жана пайдалуу тажрыйба деп табылган.