+996 558 63 01 08
+996 770 33 01 08
+996 558 63 01 08 | +996 770 33 01 08
 Жеке бөлмө

Аккаунтка кириңиз

Логин *
Пароль *
Мени эстеп кал

Жаңы аккаунт ачыңыз

Жылдызча (*) менен белгиленген талаалар сөзсүз түрдө талап кылынат.
Атыңыз *
Логин *
Пароль *
Парольду тактаңыз *
Email *
Email тактаңыз *
Captcha *

«Аркус» басмасы жогорку окуу жайлардын китепканаларына кытай авторлорунун китептерин тапшырды.

Marzalek publishing group эл аралык тобуна кирген «Аркус» басмасы менен Кытайдын China Renmin University Press басмасы жакында эле кытай авторлорунун эмгектерин кыргыз тилинде чыгарган.

Чжу Юнсиндин авторлугунда жазылган «Кытайдагы Жаңы жана Соңку жаңы доордогу педагогикалык акыл-ойдун тарыхы» китеби орус тилинен кыргыз тилине журналист жана котормочу Кубат Чекиров тарабынан которулган. Бул китеп эмгек синология, педагогика, тарыхты окуган студенттерге, адистерге жана кытай маданиятына кызыккандарга арналат.

«Идеологиялык өнүгүү» (автор Ли Хоубин) жана «Дипломатия жана эл аралык мамилелер» (авторлор Чен Юй и Пу Пиң) аттуу эки китеп Кытайдагы мамлекеттик башкаруу системасынын ар кыл тармактарын үйрөнүүгө арналган. Англис тилинен кыргыз тилине эки китепти тең публицист жана котормочу, тарых илимдеринин доктору Тынчтыкбек Чоротегин которгон. Бул китептер жалпы чыгыш таануучуларга жана заманбап КЭРдин дипломатиялык тарыхын жана мамлекеттик башкаруу системасын үйрөнүүгө кызыккан жалпы окурмандар чөйрөсүнө арналат.

Китептерди тапшыруу иш-чарасында КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынан билим берүү бөлүмүнүн башчысы Аида Ишеналиева, КР Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Гүлнара Ибраимова, жогорку окуу жайлардын проректорлору, мамлекеттик тил кафедрасынын өкүлдөрү, кытай тилинин мугалимдери, «Аркус» басмасынын өкүлдөрү катышты.