+996 558 63 01 08
+996 770 33 01 08
+996 558 63 01 08 | +996 770 33 01 08
 Жеке бөлмө

Аккаунтка кириңиз

Логин *
Пароль *
Мени эстеп кал

Жаңы аккаунт ачыңыз

Жылдызча (*) менен белгиленген талаалар сөзсүз түрдө талап кылынат.
Атыңыз *
Логин *
Пароль *
Парольду тактаңыз *
Email *
Email тактаңыз *
Captcha *

«Аркус» басмасы окутуу орус  тилинде жүргүзүлгөн мектептердин 7-класстары үчүн «Кыргыз тили» окуу китебин жаңы окуу жылына карата басып чыгарат. Китептин авторлору: Оморова А.А., Осмонова П.С., Абылкасымова Т.Н., Узекеева А.А.

Окуу китебиндеги тапшырмалар системасын түзүүдө авторлор тилди баарлашуунун каражаты катары окутууну көздөштү. Кептик ишмердүүлүктүн бардык түрлөрүн (угуу, сүйлөө, окуу, жазуу) өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулган.  

Китеп предметтик стандартта сунушталган 7 кептик темалар боюнча түзүлдү: «Үй-бүлө», «Саякат, эс алуу», «Кесип», «Кыргызстан», «Ден соолук», «Соода-сатык»,  «Кызыгуулар».

Окуу китебинин бардык элементтери негизги жана предметтик компетенттүүлүктөрдү калыптандырууга багытталган. Негизги кептик материал катары көркөм адабияттан алынган тексттерден тышкары көбүнчө илимий-популярдык, публицистикалык жана туташ эмес түзүлгөн тексттер тандалып алынды. Ошондой эле  китеп сүрөттөр, грамматикалык формалары менен таблицалар жана башка графикалык сүрөттөлүштөр, диаграммалар, тесттер, сөздүктөр менен коштолот. Бул китептин өзгөчөлүгү – окуучулардын таанып-билүү кызыгуусун арттырган, өз алдынча иштөөгө, предмет боюнча алган билимин тутумдаштырууга, жалпылоого жана тереңдетүүгө үйрөткөн иликтөө баракчасы камтылган.