+996 558 63 01 08
+996 770 33 01 08
+996 558 63 01 08 | +996 770 33 01 08
 Жеке бөлмө

Аккаунтка кириңиз

Логин *
Пароль *
Мени эстеп кал

Жаңы аккаунт ачыңыз

Жылдызча (*) менен белгиленген талаалар сөзсүз түрдө талап кылынат.
Атыңыз *
Логин *
Пароль *
Парольду тактаңыз *
Email *
Email тактаңыз *
Captcha *

Жаңы жыл жаңы китептер менен! «Аркус» басмасы жакында жарыкка чыга турган бир нече жаңы басылмаларды даярдап жатат. Сиздерди жаңы китептердин бири менен тааныштырабыз – бул окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептердин 1-класстарынын окуучулары үчүн орус тили боюнча  китеби. Китептин авторлору - Наталья Задорожная, Чынара Мусаева жана Гульфира Таирова.

Окуу китеби эки бөлүктөн турат - оозеки курс жана азбука. Китепти үйдө иштөө жана класстык иштерди уюштуруу боюнча жумушчу дептери, ошондой эле ар бир сабак боюнча кеңири нускамасын камтыган мугалимдер үчүн методикалык колдонмосу толуктайт.

Орус тилин кыргыз мектепте окутууда китепте коммуникативдик ыкма колдонулат. Биринчи эле сабактардан баштап окуучулар орус тилинде баарлашууга катышышат: алар мугалим менен жана бири-бири менен учурашууну үйөнүшөт, окуу куралдарынын аттарын, суроолуу сүйлөмдөрдү ж.б. өздөштүрүшөт.

Окуу китебинде чет тилдүү баарлашуу көндүмдөрүн калыптандыруу тутуму төрт багытты камтыйт:

  • сөздүн үн маданиятын тарбиялоо;
  • чет тилинин лексикасын өздөштүрүү жана аны активдештирүү;
  • чет тилдеги сүйлөөнүн грамматикалык структурасын калыптандыруу;
  • ырааттуу сүйлөөгө үйрөтүү.

Окуу китеби 2020-жылы КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан кабыл алынган 1-4-класстар үчүн окутуу кыргыз, өзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептерде орус тили боюнча жаңы предметтик стандартка ылайык иштелип чыккан.