+996 558 63 01 08
+996 770 33 01 08
+996 558 63 01 08 | +996 770 33 01 08
 Жеке бөлмө

Аккаунтка кириңиз

Логин *
Пароль *
Мени эстеп кал

Жаңы аккаунт ачыңыз

Жылдызча (*) менен белгиленген талаалар сөзсүз түрдө талап кылынат.
Атыңыз *
Логин *
Пароль *
Парольду тактаңыз *
Email *
Email тактаңыз *
Captcha *

«Аркус» басмасы кыргызстандык авторлор Анна Фатнева жана Наталья Цуканованын авторлугунда 10-класстын англис тили окуу китебин басып чыгарды.

­Окуу китеп мектептин жогорку класстарында чет тилин окутуунун коммуникативдик жана кесиптик багыт берүү принциптерин эске алуу менен иштелип чыккан. Негизги функциясы – окуучуларды англис тили аркылуу маданияттар аралык коммуникация каражаты катары колдонууга даярдоо. Бул функция окутуунун мурунку этаптарында алган англис тилинин грамматикасы жана лексикасы боюнча билимдерин тереңдетүү, сүйлөөнүн бардык түрлөрүн, анын ичинде жазуу көндүмдөрүн өркүндөтүү, ошондой эле өз өлкөсү жана жалпы дүйнө жүзү жөнүндө билимин кеңейтүү аркылуу ишке ашырылат. Китеп сынчыл ой жүгүртүү жөндөмүн өркүндөтүп, окуучуларды жогорку окуу жайларында окууга даярдайт.

Окуу китеби КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан кабыл алынган чет тили боюнча предметтик стандарттын негизинде түзүлгөн.

­Азыркы учурда окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн, ошондой эле орус тилдүү мектептер үчүн «Англис тили» окуу китеби сатыкка чыкты, китеп дүкөндөрүнөн жана базарлардан сурасаңыздар болот.