+996 558 63 01 08
+996 770 33 01 08
+996 558 63 01 08 | +996 770 33 01 08
 Жеке бөлмө

Аккаунтка кириңиз

Логин *
Пароль *
Мени эстеп кал

Жаңы аккаунт ачыңыз

Жылдызча (*) менен белгиленген талаалар сөзсүз түрдө талап кылынат.
Атыңыз *
Логин *
Пароль *
Парольду тактаңыз *
Email *
Email тактаңыз *
Captcha *
«Аркус» басмасы мектеп окуучулары үчүн «Мен жумушчу дептердеги тапшырмалардын авторумун» аттуу чыгармачылык сынак жарыялайт!
 
📌Төрт аталыштагы сабактын бирин тандап, жумушчу дептер үчүн бир тапшырма ойлоп табуу керек. Андан соң анкетаны толтуруп, сынактын жеңүүчүлөрүн жарыялаган күндү күтүү керек! Жеңүүчүлɵр басмадан жекече белектерди алып, ошондой эле жалпы класс үчүн пайдалуу сыйлыктарга ээ болот!
 
Сынактын сабактары:
1️⃣ окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептердеги орус тили;
2️⃣ окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептердеги орус тили;
3️⃣ мекен таануу;
4️⃣ англис тили.
 
Сынактын шарттары:
🔹3–7-класстардын окуучусу болуу;
🔹аталган сабактардын бирин тандап алуу (бир катышуучу бир гана аталышта катыша алат);
🔹окуп жаткан сабактын темаларынын бирине дал келе турган бир тапшырма ойлоп табуу;
🔹анкетаны «Google Forms» аркылуу толтуруп (https://forms.gle/AxPZftqi72FTbJjF8), ага ойлоп тапкан тапшырманын файлын тиркөө же анкетаны жүктөп алып (https://bit.ly/3sJAr8o), толтуруп, жумуш менен бирге «Конкурс» деп белгилеп, Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра. электрондук дарегине жөнөтүү.
 
Ойлоп тапкан тапшырманын көркөм жасалгаланышы кубануу менен кабыл алынат!
 
Тапшырмаларды орус же кыргыз тилинде жиберсеңиздер болот.
 
❗️Сиздердин анкеталарыңыздар 2021-жылдын 10-августуна чейин кабыл алынат. Жеңүүчүлөр сентябрда жарыяланат.
 
🏆Ар бир аталыш боюнча үч байгелүү орун жана баалуу белектер:
1-орун – жалпы класс жумушчу дептерлердин топтому менен сыйланат (предметин жеңүүчү ɵзү тандаса болот);
2–3-орундар – келерки окуу жылына карата жеңүүчүлөргө окуу китептери жана жумушчу дептерлери тартууланат.
 
Мындан тышкары сиздер түзгөн тапшырмалардын эң кызыктууларын биздин сайтыбызда жана басманын аккаунттарында гана жарыялабастан, сиздерди автор катары белгилеп, тапшырмаларды атайын чыгарыла турган жыйнакка киргизебиз!
 
Баарыңыздарга ийгилик каалайбыз!