+996 558 63 01 08
+996 770 33 01 08
+996 558 63 01 08 | +996 770 33 01 08
 Жеке бөлмө

Аккаунтка кириңиз

Логин *
Пароль *
Мени эстеп кал

Жаңы аккаунт ачыңыз

Жылдызча (*) менен белгиленген талаалар сөзсүз түрдө талап кылынат.
Атыңыз *
Логин *
Пароль *
Парольду тактаңыз *
Email *
Email тактаңыз *
Captcha *

«Аркус» басмасынан басылып чыккан жумушчу дептерлер Кыргыз Республикасындагы жалпы билим берүү мекемелеринин 10-классынын окуучулары үчүн даярдалган окуу методикалык комплексинин компоненттеринин бири болуп саналат.

Жумушчу дептерлерде окуу китебинде каралган лексикалык жана грамматикалык темаларды өздөштүрүү үчүн кошумча тапшырмалар камтылды. Жумушчу дептерлердин материалдары авторлор сунуштаган темалардын алкагында окуучулардын угуу, сүйлөө, окуу жана жазуу көндүмдөрүн калыптандырууга багытталган сабактарга ылайыкташтырылып иштелип чыкты. 

Мугалимдин каалосуна карай окуучулар жумушчу дептерди үйдө да, класста да өз алдынча иштөө үчун колдоно алышат.

«Аркус» басмасы Анна Фатнева жана Наталья Цуканованын авторлугунда «Англис тили. 10-класс» окуу китебин басып чыгарган.

Окуу китеби мектептин жогорку класстарында чет тилин окутуунун коммуникативдик жана кесиптик багыт берүү принциптерин эске алуу менен иштелип чыккан.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан кабыл алынган чет тили боюнча предметтик стандарттын негизинде түзүлгөн.

Мугалимдер үчүн окуу китептин методикалык колдонмосу да басууга даярдалган.

Окуу китебин, Жумушчу дептерлерин жана мугалимдер үчүн Методикалык колдонмону базарлардан жана китеп дүкөндөрүнөн сатып алсаңыздар болот. Андыктан 0556-07-11-81 номерине байланышып, акысыз жеткирүү менен буюртма берсеңиздер болот.