+996 558 63 01 08
+996 770 33 01 08
+996 558 63 01 08 | +996 770 33 01 08
 Жеке бөлмө

Аккаунтка кириңиз

Логин *
Пароль *
Мени эстеп кал

Жаңы аккаунт ачыңыз

Жылдызча (*) менен белгиленген талаалар сөзсүз түрдө талап кылынат.
Атыңыз *
Логин *
Пароль *
Парольду тактаңыз *
Email *
Email тактаңыз *
Captcha *

Окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептердин 5-класстарынын «Кыргыз тили» окуу китебинин негизинде жумушчу дептерлер иштелип чыкты. Дептер эки бөлүктөн турат. Авторлору Айгүл Оморова жана Жылдыз Медералиева. Жакынкы арада «Аркус» басмасы бул жумушчу дептерлерди басып чыгарат.

Дептерде окуучулар лексикалык жана грамматикалык тапшырмаларды өз алдынча окуп-үйрөнө турган кызыктуу жана чыгармачыл көнүгүүлөр, тапшырмалар, кроссворддор, филворддор жана тесттер камтылды. Маалыматтар окуу китебиндеги сабактар менен байланыштырылып түзүлүп, окуучулардын көндүмдөрүн калыптандырууга багытталган. Окуучулар жумушчу дептерди үйдөн да, класстан да пайдалана алышат.

Ал эми жалпы билим берүүчү мектептердин 5-класстары үчүн арналган окуу китеби 2018-жылы «Аркус» басмасы тарабынан жарыкка чыккан. Окуу китептин авторлору Надира Жусупбекова, Айгүл Оморова, Гүлмира Чепекова.

Окуу китеби кыргыз тилинин предметтик билим берүү стандарттарынын талаптарына ылайык түзүлгөн. Анда кеп ишмердигинин бардык түрү (угуу, сүйлөө, окуу, жазуу) камтылган. Маалыматтар окуучуларга кыргыз элинин жана Кыргызстандын, дүйнөдөгү башка элдердин тарыхы, каада-салттары, маданий өзгөчөлүктөрү, жалпы адамзатка тиешелүү рухий баалуулуктары менен таанышууга өбөлгө түзөт.