+996 558 63 01 08
+996 770 33 01 08
+996 558 63 01 08 | +996 770 33 01 08
 Жеке бөлмө

Аккаунтка кириңиз

Логин *
Пароль *
Мени эстеп кал

Жаңы аккаунт ачыңыз

Жылдызча (*) менен белгиленген талаалар сөзсүз түрдө талап кылынат.
Атыңыз *
Логин *
Пароль *
Парольду тактаңыз *
Email *
Email тактаңыз *
Captcha *

🔔Урматтуу кесиптештер!

Жаңыдан уюшулган «Мыкты мугалим» коомдук фонду иштей баштаганын сиздерге кубануу менен кабарлайбыз!

Биздин фонд мектеп билим берүү тармагындагы түрдүү демилгелерди колдоо жана Кыргызстандын улуттук билим берүү системасын өнүктүрүүгө салым кошуу максатында түзүлгөн. «Мыкты мугалим» КФ ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттары:

🔸предметтик мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу;

🔸билим берүү тармагында алдыңкы ата мекендик жана чет өлкөлүк эксперттерди тартуу менен өлкөнүн аймактарында маалыматтык-методикалык семинарларды уюштуруу жана өткөрүү;

🔸мектеп окуучуларын окутуунун инновациялык ыкмаларын ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү;

🔸басып чыгаруу демилгелерин колдоо;

🔸окутуунун жаңы ыкмаларын жана окуу материалдарын жайылтуу ж. б.