+996 558 63 01 08
+996 770 33 01 08
+996 558 63 01 08 | +996 770 33 01 08
 Жеке бөлмө

Аккаунтка кириңиз

Логин *
Пароль *
Мени эстеп кал

Жаңы аккаунт ачыңыз

Жылдызча (*) менен белгиленген талаалар сөзсүз түрдө талап кылынат.
Атыңыз *
Логин *
Пароль *
Парольду тактаңыз *
Email *
Email тактаңыз *
Captcha *
Урматтуу жана ардактуу мугалим-филологдор!
Сиздер үчүн «Ачылыш» сынагын жарыялайбыз!
«Ачылыш» сынагы жогорку кесипкөй рейтингдеги мугалимдердин алдыңкы тажрыйбасын жайылтууну көздөйт.
Сынактын максаты — «Аркус» басмасы тарабынан даярдалган жаңы улуттук окуу китептери аркылуу Кыргызстандын мугалимдерине колдоо көрсөтүү, биримдикке чакыруу жана аларды мамлекеттик жана предметтик стандарттардын талаптарын ийгиликтүү ишке ашырууга үндөө.
Конкурс төмөнкүлөргө багытталат:
• мугалимдердин кесиптик өзүн-өзү өнүктүрүүсүнө дем берүү;
• өз ишинде натыйжалуу жана чыгармачылык менен иштеген башка предметтик мугалимдер менен тажрыйба алмашуу;
• окутуунун инновациялык ыкмаларын изилдөө жана жыйынтыктоо.
Мелдештин тапшырмалары:
1) өз кесибине карата позитивдүү жана чыгармачылык мамилени калыптандыруу;
2) заманбап окуу китептерин колдонуу менен жаңы стандарттар боюнча окутуунун натыйжалуу ыкмаларын жайылтууга дем берүү;
3) кесиптик жактан өзүн-өзү өнүктүрүү жана чыгармачылык потенциалын ачуу үчүн шарттарды түзүү;
4) жаңы муундагы окуу китептеринин концепциясын колдонуу тажрыйбасын түшүнүү;
5) жаңы улуттук окуу китептерин кеңири жайылтуу.
Сынакты өткөрүүнүн тартиби
Сынакка кыргыз, орус жана англис тилдеринин мугалимдери катыша алат. Ал төрт аталыш (номинация) боюнча өткөрүлөт:
• «Кыргыз тили» окутуу орус, өзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептерде;
• «Орус тили» окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептерде;
• «Орус тили» окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептерде;
• «Англис тили».
Материалдарынын уюштуруу комитетине келип түшүүсү авторлордун автордук укугун сактоо менен «Аркус» басмасынын расмий веб-ресурстарына жарыялоого авторлордун макулдугу катары каралат.
Катышуунун шарттары
Сынакка катышуу үчүн сиз болгону эки шартты аткарышыңыз керек:
1) видео-рефлексия жасоо (максималдуу 3 мүнөт), анда мугалим каалаган формада «Аркус» басмасынан чыккан жаңы муундагы окуу китептери менен иштөө тууралуу айтып берет.
2) арызды толтуруу жана ага видеороликти тиркөө — https://forms.gle/fZCfUBu5tNBpMKkV6;
Арыздар жана видеороликтер 2023-жылдын 30-апрелине чейин кабыл алынат. Алар кыргыз, орус же англис тилдеринде болушу мүмкүн.
Байгелер
• ар бир номинация боюнча жеңүүчүлөргө — 10 000 (он миң) сом;
• ар бир катышуучуга — «Аркус» басмасынын ыраазычылык каты.
Баалоо критерийлери
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрүнөн турган эксперттик топ берилген материалдарды төмөнкү критерийлер боюнча баалайт:
1) теманын жаңычылдыгы, актуалдуулугу, оригиналдуулугу жана практикалык мааниси;
2) мазмундун жалпылыгы, ырааттуулугу, структуралуулугу жана ишенимдүүлүгү;
3) жасалгалоого чыгармачылык мамиле кылуу.
Уштуруу комитети:
• «Мыкты мугалим» КФ директору — Е. А. Терентьев;
• КР ББжИМ караштуу Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун алдындагы инновациялык жана көп тилдүү билим берүү борборунун жетекчиси — Г. Э. Артыкбаева.
Уюштуруу комитетинин курамына төмөнкү предметтер боюнча кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилдеринде билим берген мектептер үчүн улуттук ОМКнын авторлору да кирет:
• Кыргыз тили — А. А. Оморова;
• Орус тили — Л. М. Бреусенко, Н. П. Задорожная, Т. А. Матохина, Ч. М. Мусаева, Г. К. Таирова, Г. С. Чепекова;
• Англис тили — Ч. А. Абдышева, О. Р. Балута, А. Г. Фатнева, Н. Э. Цуканова.
Сиздерге ийгилик каалоо менен Сиздердин ишиңиздерди чыдамсыздык менен күтөбүз!