+996 558 63 01 08
+996 770 33 01 08
+996 558 63 01 08 | +996 770 33 01 08
 Жеке бөлмө

Аккаунтка кириңиз

Логин *
Пароль *
Мени эстеп кал

Жаңы аккаунт ачыңыз

Жылдызча (*) менен белгиленген талаалар сөзсүз түрдө талап кылынат.
Атыңыз *
Логин *
Пароль *
Парольду тактаңыз *
Email *
Email тактаңыз *
Captcha *
2-майдан 6-майга чейин Алматы шаарында (Казакстан Республикасы) «Эне тилге негизделген көп тилдүү билим берүү: сапатты камсыз кылуу жана социалдык интеграцияга жол» деген темада Онунчу аймактык окуу болуп өттү. Ага Казакстан жана Молдовия, Түркмөнстан, Тажикстан, Грузия; Монголия жана Кыргыз Республикасынан келген келген эксперттер катышты.
Иш-чаранын алкагында «Аркус» басмасы тарабынан даярдалган тил сабактары (предметтери) боюнча жаңы окуу-методикалык комплекстердин бет ачары болуп өттү. Окуу куралдары башка өлкөлөрдөн келген кесиптештердин зор кызыгуусун жаратты. Окуу китептерин жана жумушчу дептерлерин басып чыгаруунун жогорку полиграфиялык жана мазмундук сапаты да баса белгиленди. Тажрыйба алмашуунун алкагында заманбап окуу материалдарын даярдоо боюнча көргөзмөгө коюлган окуу колдонмолорунун бардык нускалары ар кайсы өлкөлөрдөн келген кесиптештерге белекке берилди.