+996 558 63 01 08
+996 770 33 01 08
+996 558 63 01 08 | +996 770 33 01 08
 Жеке бөлмө

Аккаунтка кириңиз

Логин *
Пароль *
Мени эстеп кал

Жаңы аккаунт ачыңыз

Жылдызча (*) менен белгиленген талаалар сөзсүз түрдө талап кылынат.
Атыңыз *
Логин *
Пароль *
Парольду тактаңыз *
Email *
Email тактаңыз *
Captcha *
«Аркус» басмасынан жарык көргөн орус тилинен окуу китептери эл аралык деңгээлде көрсөтүлдү. 
24–25-майда А. С. Пушкин атындагы Мамлекеттик орус тили институтунда Үчүнчү Костомаровский форуму болуп өттү, анын негизги темасы КМШдагы Орус тилинин жылы болду.
Форумдун алкагында «Чет элдик студенттерге орус тилин окутуунун заманбап тенденциялары» аттуу тегерек стол уюштурулуп, ага орус тилин экинчи тил катары окутуунун көйгөйлөрү боюнча алдыңкы эксперттер катышты. Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн орус тили улуттук окуу китептеринин автордук линиясынын жетекчиси Н. П. Задорожная жеке баяндамасы менен чыгып сүйлөдү. Ал баяндамасында окуу китептери А. С. Пушкин атындагы орус тили институтунун кызматкерлери тарабынан жогору баалангандыгын баса белгиледи. Окуу китептерин түзүүдө окуучулардын жана мугалимдердин менталитетин эске алуунун жана окуу материалдарында көп маданияттуу билим берүү идеясын ишке ашыруунун маанилүүлүгүнө токтолду. Ошондой эле автор Кыргызстандын мектептери үчүн окуу китептерин жаңыртуу менен алектенген «Аркус» басмасынын ишмердүүлүгү жана жарыкка чыккан окуу китептеринин толук линиясы менен тааныштырды.