+996 558 63 01 08
+996 770 33 01 08
+996 558 63 01 08 | +996 770 33 01 08
 Жеке бөлмө

Аккаунтка кириңиз

Логин *
Пароль *
Мени эстеп кал

Жаңы аккаунт ачыңыз

Жылдызча (*) менен белгиленген талаалар сөзсүз түрдө талап кылынат.
Атыңыз *
Логин *
Пароль *
Парольду тактаңыз *
Email *
Email тактаңыз *
Captcha *
Урматтуу кесиптештер! Сүйүктүү достор!
Август айы башталып, жаңы окуу жылы да жакындап калды. Мугалимдер өз предметтери боюнча ишти кантип натыйжалуу уюштурууну ойлонуштуруп жатышат.
Билим берүүдөгү өзгөрүүлөр билимге болгон мамилени да өзгөртүүдө. Класстан тышкаркы жана метапредметтик тапшырмалардын саны көбөйүп, барган сайын алардын сапаты да өзгөрүүдө. Предметтик мугалимдердин алдында Мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарын, PISA эл аралык программасына ийгиликтүү катышуу үчүн, окуучулардын көндүмдөрүн өнүктүрүү талаптарын жеке окуу предметтеринин предметтик мазмунуна интеграциялоо боюнча олуттуу милдеттер турат. Көпчүлүк учурда бул мугалимдин окуу-методикалык материалдарды, окуу китептерин жана башка билим берүү каражаттарын, билим берүүнүн метапредметтик милдеттерине шайкеш келген тапшырмаларды жана көнүгүүлөрдү тандоосуна байланыштуу. Жалпы билим берүүнүн талаптарын жана милдеттерин математика, кыргыз тили, орус тили жана башка сабактардын предметтик мазмунуна айкалыштыруу талаптарды так түшүнүүдөн, аларды өздөштүрүүдөн, ошондой эле аларды аткаруудан кем эмес татаал жана жооптуу ишти камтыган билим берүү процессин жөнгө салуучу олуттуу ченемдик документ.
Бул учурда эң натыйжалуу куралдардын бири – бул жумушчу дептерлер.
Жумушчу дептерлер – жалпы окуу жылы үчүн дидактикалык окуу материалдарынын жыйындысы болуп саналат. Аларда окуучулардын жаш өзгөчөлүгүнө, билим берүүнүн талаптарына жана милдеттерине ылайык иштелип чыккан тапшырмалар камтылган. Бул билим берүү каражаттарынын предметтик мазмуну аркылуу окуучулардын келечектеги жашоого болгон көндүмдөрү, ар кандай мүнөздөгү маалымат менен иштөө, жалпылоо, системага салуу көндүмдөрү калыптанат жана жашоого болгон ой жүгүртүүлөрү, анын ичинде турмуштук ар кандай маселелерди чечүүгө багытталат.
“Аркус” басмасынын жумушчу дептерлери Кыргыз Республикасынын методика жаатындагы кесипкөй мыкты авторлор тарабынан заманбап талаптарга ылайык даярдалган дидактикалык курал болуп саналат.
Келе жаткан окуу жылында Сиздердин ишиңиздер ийгиликтүү жана жемиштүү, эң мыкты жана натыйжалуу болушун каалайбыз!
Биздин окуу китептерибизди жана жумушчу дептерлерибизди колдонуңуздар!