+996 558 63 01 08
+996 770 33 01 08
+996 558 63 01 08 | +996 770 33 01 08
 Жеке бөлмө

Аккаунтка кириңиз

Логин *
Пароль *
Мени эстеп кал

Жаңы аккаунт ачыңыз

Жылдызча (*) менен белгиленген талаалар сөзсүз түрдө талап кылынат.
Атыңыз *
Логин *
Пароль *
Парольду тактаңыз *
Email *
Email тактаңыз *
Captcha *
Урматтуу кесиптештер!
«Просвещение» басмасы (Москва) «Аркус» басмасы менен биргеликте М.И.Моро жана башкалардын авторлугундагы «Математика. 1-класс» окуу китебине БИМдин 2022-жылдын 19-сентябрындагы №1828/1 буйругу менен бекитилген башталгыч класстар үчүн математика боюнча жаңы стандарттын талаптарын толук ишке ашырууга мүмкүндүк бере турган кошумча материалдарды даярдады.
Окуу китебине кошумча материалдардын автору – Санкт-Петербургдагы дипломдон кийинки педагогикалык билим берүү академиясынын усулдук иштер боюнча проректору, педагогика илимдеринин кандидаты, башталгыч класстар үчүн математика боюнча көптөгөн окуу китептеринин автору Юлия Игоревна Глаголева.
Сунушталган материалдар «Математика. 1-класс» ОМКсынын кошумча компоненти болуп саналат. Алар басманын расмий сайтында электрондук форматта жана эркин жеткиликтүү түрдө (колдонуучулар үчүн акысыз) жайгаштырылды https://drive.google.com/.../1PhoY7FjduHpBHaP9YjC4WbDxdkU... Бул өз ишинде ушул окуу комплексин колдонгон башталгыч класстардын мугалимдерине жаңы стандарттардын талаптарын ишке ашыруу боюнча ишин натыйжалуу курууга жардам берет.
Жаңыланган ОМК (окуу китеби + окуу китебине кошумча тапшырмалар) учурдагы предметтик стандартка ылайык келүүсү боюнча мамлекеттик экспертизадан өткөндөн кийин материалдар кыргыз тилине которулат.
Басма 2, 3, 4-класстар үчүн ОМКларга дагы ушундай эле кошумча материалдарды даярдап жатат.