+996 558 63 01 08
+996 770 33 01 08
+996 558 63 01 08 | +996 770 33 01 08
 Жеке бөлмө

Аккаунтка кириңиз

Логин *
Пароль *
Мени эстеп кал

Жаңы аккаунт ачыңыз

Жылдызча (*) менен белгиленген талаалар сөзсүз түрдө талап кылынат.
Атыңыз *
Логин *
Пароль *
Парольду тактаңыз *
Email *
Email тактаңыз *
Captcha *

Урматтуу мугалимдер!

Басма үйү окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептердин башталгыч класстарынын 1-классы үчүн “Орус тили жана окуу” предмети боюнча окуу-методикалык комплексин даярдап, басып чыгарууну ишке ашырды.

Комплекс эки бөлүктөн турган “Азбука” окуу китебинен, үч бөлүктөн турган жазуудан жана мугалимдер үчүн методикалык колдонмодон турат. Окуу-методикалык колдонмо орусиялык авторлор тарабынан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик предметтик стандартынын негизинде иштелип чыккан. Бул колдонмоКыргызстандын 1-класстары үчүн орус тилин үйрөнүүгө жол ачат.
ОМК мамлекеттик экспертизалардын бардык түрүнөн ийгиликтүү өттү: илимий, илимий-педагогикалык, басмырлоого каршы гендердик, практикалык жана педагогикалык.
Бул долбоор Кыргызстан менен Россиянын билим берүү тармагындагы тыгыз кызматташтыгын бирден бир мисалы болуп саналат. ОМКнын автору Бойкина Марина Викторовна – Орусиянын башталгыч билим берүү тармагындагы алдыңкы эксперттердин бири, көптөгөн окуу куралдарынын жана колдонмолорунун автору, анын ичинде соңку жылдары баарыбызга кеңири белгилүү болгон “Азбука” окуу китебинин (Горецкий Всеслав Гаврилович менен бирге) да автору.
Басма үйү окуу жылынын аягына чейин окуу процессинде жаңы ОМКны колдонуунун натыйжалуулугун арттыруу максатында мугалимдер үчүн семинар-тренингдерди өткөрүүнү пландаштырууда.