Достор, биз утуш уюштуруп жатабыз!
Утуп алуу мүмкүнчүлүгү үч эсе жогору. Ар бир утуш «Аркус» басмасынан китеп алуу сертификатына болот:
1-орун – 1500 сом;
2-орун – 1000 сом;
3-орун – 800 сом.
Утуш биздин инстаграмдагы @arcuspublishing баракчасында өтөт.
Катышыңыздар! Баарыңыздарга ийгилик!
Урматтуу мугалимдер жана окуучулар!
Сиздерди жаӊы 2020-2021 окуу жылынын башталышы – Билим күнү менен куттуктайбыз! Сиздерге чыӊ ден-соолук, окууӊуздарга жана ишиӊиздерге ийгиликтерди каалайбыз!
Урматтуу кесиптештер! Жаңы окуу жылына даярдануунун алкагында басмаканага 3-5-класстар үчүн англис тили боюнча жаңы форматтагы иш дептерлерин колдонуу жөнүндө көптөгөн суроолор келип жатат. Жаңы форматтагы иш дептерлерин даярдоо, биринчи кезекте, колдонуунун ыңгайлуулугуна багытталган.