К. Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасында Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүн майрамдоо боюнча иш чаранын алкагында китеп басып чыгаруучулар арасында жыл сайын өтүүчү «Китеп искусствосу» сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү.
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулган улуттук сынактын жыйынтыгында «Аркус» басмасына Александр Баршайдын «Евреи-Кыргызстану: от А до Я» китеби үчүн «Чеберчилик» аталышындагы сыйлык ыйгарылды.
Буга чейин дагы «Аркус» басмасынын башка көптөгөн китептери, окуу куралдары грамоталар жана дипломдор менен сыйлангандыгын кошумчалайбыз.
Жаңы жыл жаңы китептер менен! «Аркус» басмасы жакында жарыкка чыга турган бир нече жаңы басылмаларды даярдап жатат. Сиздерди жаңы китептердин бири менен тааныштырабыз – бул окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептердин 1-класстарынын окуучулары үчүн орус тили боюнча китеби. Китептин авторлору - Наталья Задорожная, Чынара Мусаева жана Гульфира Таирова.
Төрт аталыштагы сабактын бирин тандап, жумушчу дептер үчүн бир тапшырма ойлоп табуу керек. Андан соң анкетаны толтуруп, сынактын жеңүүчүлөрүн жарыялаган күндү күтүү керек! Жеңүүчүлɵр басмадан жекече белектерди, ошондой эле жалпы класс үчүн пайдалуу сыйлыктарга ээ болот!
«Аркус» басмасы кыргызстандык авторлор Анна Фатнева жана Наталья Цуканованын авторлугунда 10-класстын англис тили окуу китебин басып чыгарды.
Окуу китеп мектептин жогорку класстарында чет тилин окутуунун коммуникативдик жана кесиптик багыт берүү принциптерин эске алуу менен иштелип чыккан. Негизги функциясы – окуучуларды англис тили аркылуу маданияттар аралык коммуникация каражаты катары колдонууга даярдоо. Бул функция окутуунун мурунку этаптарында алган англис тилинин грамматикасы жана лексикасы боюнча билимдерин тереңдетүү, сүйлөөнүн бардык түрлөрүн, анын ичинде жазуу көндүмдөрүн өркүндөтүү, ошондой эле өз өлкөсү жана жалпы дүйнө жүзү жөнүндө билимин кеңейтүү аркылуу ишке ашырылат. Китеп сынчыл ой жүгүртүү жөндөмүн өркүндөтүп, окуучуларды жогорку окуу жайларында окууга даярдайт.
Окуу китеби КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан кабыл алынган чет тили боюнча предметтик стандарттын негизинде түзүлгөн.
Азыркы учурда окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн, ошондой эле орус тилдүү мектептер үчүн «Англис тили» окуу китеби сатыкка чыкты, китеп дүкөндөрүнөн жана базарлардан сурасаңыздар болот.
«Аркус» басмасы окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептердин 7-класстары үчүн «Кыргыз тили» окуу китебин жаңы окуу жылына карата басып чыгарат. Китептин авторлору: Оморова А.А., Осмонова П.С., Абылкасымова Т.Н., Узекеева А.А.