Урматтуу мугалимдер!
Басма үйү окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептердин башталгыч класстарынын 1-классы үчүн “Орус тили жана окуу” предмети боюнча окуу-методикалык комплексин даярдап, басып чыгарууну ишке ашырды.
1-класстардын «Азбука» ОМКсынын адаптацияланган варианты (авторлору В. Г. Горецкий ж.б.) 22–24-ноябрда Алматы шаарында өткөн «Улуу Жибек жолунда» аттуу 11-эл аралык китеп жана полиграфия көргөзмөсүндө жогорку сыйлыкка татыды.
Урматтуу кесиптештер! Сүйүктүү достор!
Август айы башталып, жаңы окуу жылы да жакындап калды. Мугалимдер өз предметтери боюнча ишти кантип натыйжалуу уюштурууну ойлонуштуруп жатышат.
Урматтуу кесиптештер!
«Просвещение» басмасы (Москва) «Аркус» басмасы менен биргеликте М.И.Моро жана башкалардын авторлугундагы «Математика. 1-класс» окуу китебине БИМдин 2022-жылдын 19-сентябрындагы №1828/1 буйругу менен бекитилген башталгыч класстар үчүн математика боюнча жаңы стандарттын талаптарын толук ишке ашырууга мүмкүндүк бере турган кошумча материалдарды даярдады.
1-сентябрда “Аркус” басма үйүнүн өкүлдөрү Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Алайчы уулу Саит атындагы инновациялык мектептин салтанаттуу линейкасына катышты.
Урматтуу мамлекеттик тил мугалимдери!
Окутуу орус, өзбек, тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептердин 8-класстары үчүн “Кыргыз тили” окуу-методикалык комплекстерин басып чыгарууга даярдоо иштери жүрүп жатат.