+996 558 63 01 08
+996 770 33 01 08
+996 558 63 01 08 | +996 770 33 01 08
 Жеке бөлмө

Аккаунтка кириңиз

Логин *
Пароль *
Мени эстеп кал

Жаңы аккаунт ачыңыз

Жылдызча (*) менен белгиленген талаалар сөзсүз түрдө талап кылынат.
Атыңыз *
Логин *
Пароль *
Парольду тактаңыз *
Email *
Email тактаңыз *
Captcha *
Методикалык колдонмо окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептердин англис тили мугалимдери үчүн иштелип чыкты.
 
Колдонмо 7-класстын окуу методикалык комплексинин (авторлору Чынара Абдышева, Ольга Балута) негизги топтому менен иштөө үчүн берилген сунуштардан турат. Анда окуу китебинин тапшырмаларынын жана жумушчу дептерлердин көнүгүүлөрүнүн, ар бир чейректин жыйынтыгы боюнча текшерүү иштердин жооптору дагы камтылды.
 
Колдонмону дүкөндөрдөн жана базарлардан таба аласыздар, ошондой эле 0556 071181 телефонуна байланышып, заказ берсеңиздер болот!
 
Окуу китептердин жана методикалык колдонмолордун электрондук варианттары «Аркус» басмасынын сайтында жайгаштырылган: http://www.arcus.kg/ru/.

Жаңы жыл жаңы китептер менен! «Аркус» басмасы жакында жарыкка чыга турган бир нече жаңы басылмаларды даярдап жатат. Сиздерди жаңы китептердин бири менен тааныштырабыз – бул окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептердин 1-класстарынын окуучулары үчүн орус тили боюнча  китеби. Китептин авторлору - Наталья Задорожная, Чынара Мусаева жана Гульфира Таирова.

«Аркус» басмасы жогорку окуу жайлардын китепканаларына кытай авторлорунун китептерин тапшырды.

«Аркус» басмасы кыргызстандык авторлор Анна Фатнева жана Наталья Цуканованын авторлугунда 10-класстын англис тили окуу китебин басып чыгарды.

­Окуу китеп мектептин жогорку класстарында чет тилин окутуунун коммуникативдик жана кесиптик багыт берүү принциптерин эске алуу менен иштелип чыккан. Негизги функциясы – окуучуларды англис тили аркылуу маданияттар аралык коммуникация каражаты катары колдонууга даярдоо. Бул функция окутуунун мурунку этаптарында алган англис тилинин грамматикасы жана лексикасы боюнча билимдерин тереңдетүү, сүйлөөнүн бардык түрлөрүн, анын ичинде жазуу көндүмдөрүн өркүндөтүү, ошондой эле өз өлкөсү жана жалпы дүйнө жүзү жөнүндө билимин кеңейтүү аркылуу ишке ашырылат. Китеп сынчыл ой жүгүртүү жөндөмүн өркүндөтүп, окуучуларды жогорку окуу жайларында окууга даярдайт.

Окуу китеби КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан кабыл алынган чет тили боюнча предметтик стандарттын негизинде түзүлгөн.

­Азыркы учурда окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн, ошондой эле орус тилдүү мектептер үчүн «Англис тили» окуу китеби сатыкка чыкты, китеп дүкөндөрүнөн жана базарлардан сурасаңыздар болот.

 

 

«Аркус» басмасы окутуу орус  тилинде жүргүзүлгөн мектептердин 7-класстары үчүн «Кыргыз тили» окуу китебин жаңы окуу жылына карата басып чыгарат. Китептин авторлору: Оморова А.А., Осмонова П.С., Абылкасымова Т.Н., Узекеева А.А.

«Аркус» компаниясы 16-декабрдан 18-декабрга чейин онлайн режиминде өткөн «Tashkent Book Fest–2020» аттуу Ташкенттеги II эл аралык китеп көргөзмөсүнө катышты.